"Сойкулук кылгандар көбөйдү" деген мигранттардын кайрылуусун ИИМ тактай баштады
RU

"Сойкулук кылгандар көбөйдү" деген мигранттардын кайрылуусун ИИМ тактай баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы кыргызстандык мигранттардын кайрылуусу боюнча Ички иштер министрлиги тактоо иштерин жүргүзө баштады. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Белгилесек, топтолгон кыргызстандык эркек кишилер Россияда сойкулук менен алектенген аялдар көбөйүп жатканын, алар өспүрүмдөрдү да азгырып жатат деген видеосун жарыялашкан.

"Алардын айынан биз башыбызды бийик көтөрүп баса албай калдык. Биз эскертүү кылып коёлу дедик. Эмкиде сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыз-келиндерди видеого тартып, социалдык тармактарга ачык эле чыгарабыз", - дешет кайрылгандар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17016