Өлкөдө аба ырайы туруксуздашып, сел жүрүшү мүмкүн
RU

Өлкөдө аба ырайы туруксуздашып, сел жүрүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызгидромет кызматы өлкөдө 17-августтан 19-августка чейин аба ырайы туруксуздашып, нөшөрлүү жаан-чачын болорун, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертет.

Өзгөчө кырдаалдар минтстрлиги жарандарды туруксуз аба ырайында тоолорго, капчыгайларга чыкпай, дарыя жээктеринде эс албай турууну өтүнөт.

Эгерде, өзгөчө кырдаал жаралса же күбө болсоңуз 112 кызматына кабар бериңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/17015