"Рух Ордодо" селден кийинки тазалоо иштери дагы деле уланууда
RU

"Рух Ордодо" селден кийинки тазалоо иштери дагы деле уланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Ата шаарында селден кесепеттерин жоюуга бүгүн, 14-августта 123 куткаруучу, 2 экскаватор тартылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдап, кырдаалды министр Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жатканын билдиришти.

Белгилесек, 11-12- августта нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жана Бактуу-Долоноту айылында сел жүрүп, турак үйлөрдү, короо-жайларды, жолдорду, "Рух Ордо" борборун сел суулары каптаган.

Бүгүнкү күндө селдин кесепеттерин жоюуга жарандык коргонуу кызматтарынан 38 адам, 2 экскаватор, 1 грейдер, жергиликтүү тургундардан 28 адам жана жеке менчик 3 Howo унаасы тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16982