Чек ара кызматы: Тамчыда мини дрон кулады
RU

Чек ара кызматы: Тамчыда мини дрон кулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн, 14-августта Тамчы айылына кулаган учкучсуз учуучу аппарат боюнча маалымат таратты. Мекемеден бардык учкучсуз учуучу чалгындоо жана чабуул жасоочу аппараттар, анын ичинде "Байрактар" эч кандай зыянга учурабаганын билдирет.

"Балыкчы шаарындагы машыгуу полигонунун аймагында жаңы типтеги тактикалык мини дрон окуу-сыноодон өтүп жаткан. Аппарат Ысык-Көл облусунун Тамчы аэропортуна конордо кулап, күйдү. Мини дрондун кыйроосунан эч ким жабыркаган жок. Учурда кырсык катталган аймакта тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти Чек ара кызматынан.

Мекемеден кошумчалашкандай, сыноо өткөргөн топ аппараттын кулоо себебин териштирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16991