Тамчыда учкучсуз учак кулады
RU

Тамчыда учкучсуз учак кулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-августта Ысык-Көл районунун Тамчы айылына учкучсуз учуучу аппарат кулап түштү. Kaktus сайтына "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдагандай, учкучсуз учак өлкөнүн Коргоо министрлигине таандык.

Буга чейин социалдык тармактарга Тамчы айылына болжол менен учак кулады деген видео тараган. "Манас" аэропортунан "эч кандай учак кулаган жок, бул учкучсуз учуучу аппарат" дешти.

Маалым болгондой, кырсык болгон жерде эки өрт өчүрүүчү бригада иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Эске салсак, өлкөнүн коргонуусун чыңдоо үчүн Кыргызстан учкучсуз учактарды сатып ала баштаганы маалымдалган. Алардын арасында түркиялык Bayraktar ​​да болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16989