2028-жылы өтө турчу Олимпиаданын программасынан боксту алып салганы кабарланды
RU

2028-жылы өтө турчу Олимпиаданын программасынан боксту алып салганы кабарланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2028-жылы Лос-Анжелесте боло турчу Олимп оюндарынын программасынан уюштуруучулар боксту алып салышты. Бул тууралуу бир катар дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Учурда Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) Эл аралык бокс ассоциациясына (IBA) кирген федерациялардын мушкерлерине 2028-жылкы Олимп оюндарына катышууга уруксат бербей жатат.

"Акыркы бир нече жылдан бери бокска байланыштуу ар кандай маселелер, коррупция жана паракорлук боюнча айыптоолор көбөйдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын декабрынан бери IBAны Россиянын бокс федерациясынын мурдагы башчысы Умар Кремлев жетектеп келет.

Париж Олимпиадасында бокс боюнча мелдештерди Эл аралык Олимпиада комитети өткөрдү.

Ушул жылдын июль айында Париждеги брифингде Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлү Марк Адамс Олимпиада комитети мындан ары бокс боюнча олимпиадалык турнирлерди уюштурбай турганын билдирген.

Бирок 2028-жылга чейин Лос-Анжелес Олимпиадасында бокс боюнча мелдештерди өткөрө турган орган түзүлүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Олимпиададагы бокс боюнча мелдештер биринчи жолу 1904-жылы Сент-Луис шаарында өткөн. Бокс бир эле жолу 1912-жылы Стокгольмдо өткөн оюндардын программасына кирген калган. Ошондон бери бокс Олимпиаданын күн тартибинин ажырагыс бөлүгү болуп калган.100 жылдан кийин Лондон Олимпиадасында аялдардын боксу да пайда болгон.

Париж Олимпиадасында бокс боюнча 30 өлкө медаль тагынды. Эң көп – 5 алтын медалды Өзбекстандын мушкерлери алды. Андан кийин кытайлыктар 3 алтынды алышты. Тайвань, Куба, Алжир, Ирландия, Украинада бирден алтын бар.

2022-жылдын сентябрында IBA Украинанын бокс федерациясына мүчөлүгүн токтоткон. 2022-жылдын октябрында IBA Россия менен Беларустун мушкерлерине өз желектери жана гимндери астында беттешүүгө уруксат берген болчу.

Эске салсак, Кыргызстан быйыл биринчи жолу бокстон Олимпиадага жолдомо алган. Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу ал жолдомо менен Парижден күмүш байге алып келди.

Ушул эле принцип боюнча каратэ үч жыл мурун Олимпиададан четтетилген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16985