Өзгөндө бир туугандарды сабаганга шектелип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
RU

Өзгөндө бир туугандарды сабаганга шектелип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөндө ага-инини аёосуз сабаганга шектүүлөрдүн бири колго түшүрүлдү. ИИМден билдиришкендей, ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран буга чейин издөөдө жүргөн.

Белгилесек, Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жашоочулары 1995-жылы туулган З. уулу Б. жана анын бир тууган иниси 1997-жылы туулган З. уулу Б. ушул жылдын 9-майында сабалган. Бир туугандарды Төрт-Көл айыл аймагынын жашоочусу 1987-жылы туулган Н.О. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен ээн талаага алып чыгып, өз ара пикир келишпестиктен улам аёсуз сабап кетишкен. Натыйжада 1995-жылы туулган З. уулу Б. денесинен оор жаракат алган.

Аталган факты боюнча жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышып, 130-берененин 2-бөлүгүнүн 15-пункАл эми шектүү делген Н.О. издөөгө алынган.

Тергөө тапшырмасынын негизинде 14-августта Н.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ИИМдин Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болот.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16984