Жалал-Абадда күйөөсү сабап салды деген келиндин сүрөтү тарады. Милициянын маалыматы
RU

Жалал-Абадда күйөөсү сабап салды деген келиндин сүрөтү тарады. Милициянын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында күйөөсү тарабынан аёосуз сабалды делген 27 жаштагы келиндин сүрөттөрү интернетке тарады. Бул окуянын чоо-жайы боюнча облустук милициядан редакцияга маалымат беришти.

Абайлаңыз, сүрөт!
Жабуу

8-августта Жалал-Абад облустук ооруканасынан милицияга кабар түшкөн. Анда ошол эле күнү саат 22:20 чамасында К. кызы А. аттуу келинди жолдошу уруп, натыйжада келин амбулатордук жардам алып чыгып кеткени айтылган.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Жалал-Абад ШИИБдин тергөө ыкчам тобу келиндин үйүнө барганда жолдошу үйүндө жок экендиги аныкталган. Ал эми жабырлануучу арыз жазуудан баш тартып, ойлонорун айткан.

9-августта келин милиция бөлүмчөсүнө барып, күйөөсүнө карата арыз жазган. Келиндин алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле күйөөсү тергөөгө камсыз кылынып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

Экөө уруша кеткенде жубайы күйөөсүнүн колун тиштеп салган. Бул учурда күйөөсү аялынын бетине чаап, мурду канап кеткен. Ошол мезгилде аялы кошуналарына сүрөт, видеого тарткыла деп суранып, видеону бир тууган эжесине жиберген.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16964