Таш-Көмүрдөгү 4 адамдын өлүмү. Милиция өрттүн болжолдуу себебин айтты
RU

Таш-Көмүрдөгү 4 адамдын өлүмү. Милиция өрттүн болжолдуу себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында турак үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болгон. Облустук ички иштер башкармалыгынан өрттүн алдын ала себеби иштеп турган кондиционер болушу мүмкүн дейт.

Белгилесек, 11-августта кечки саат 18:00 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Панфилов көчөсүндөгү үй өрттөнүп жаткандыгы тууралуу милицияга кабар түшкөн.

Бул факты боюнча топтолгон материал каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө өрт чыккан үйдө 1961-жылы туулган М.Н. жана анын неберелери - 2015-жылы туулган Б.А., 2014-жылы туулган Э.А., 2018-жылы туулган А.А. бөлмөлөрүндө уктап жаткан жеринде каза болгондугу аныкталып, жансыз денелери күйгөн абалда үйдөн чыгарылган.

Учурда каза болгон адамдардын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык жана өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо үчүн өрт техникалык эспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүүлүдө.

Өрттүн болжолдуу себеби - кондиционердин иштеп жаткандыгынан улам болушу мүмкүн деп айтылууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: dotshock.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16955