Жалал-Абадда өрттөн улам бир үй-бүлө мүчөлөрү каза болду
RU

Жалал-Абадда өрттөн улам бир үй-бүлө мүчөлөрү каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 4 адам каза болду. Маалыматты редакцияга ӨКМдан тастыкташты.

Такталгандай, 11-августта саат 17:30да Панфилов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Жерине Таш-Көмүр шаардык Өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн 2 күжүрмөн эсеп, Өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 4 куткаруучу тартылып, өрт өчүрүлгөн.

Тилекке каршы, кырсыктан бир үй бүлөнүн 4 мүчөсү - 1961-жылы туулган Н.М. (эркек киши), эки эркек бала 2011-жылы туулган А.Б., 2014-жылы туулган А.Э. жана 2018-жылы туулган А.А. аттуу кыз каза болгон. Каза болго жарандардын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан чыгарылып, Таш-Көмүр ШИИБине өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16954