Жалал-Абадда тез татым жайы толугу менен күйүп кетти
RU

Жалал-Абадда тез татым жайы толугу менен күйүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарынын Байзаков көчөсүндө жайгашкан "Сушистан" тез татым жайы күйүп кетти. ӨКМдан кабарлашкандай, өрт бүгүн, 10-августта саат 10:20дө чыккан.

Жерине 2 өрт өчүрүү унаасы тартылып, саат 10:39да өрт чектөөгө алынып, саат 11:15те толук өчүрүлдү.

Тактоо иштеринин натыйжасында тез татым жайы 1999-жылы туулган А. Самидиновго таандык экени аныкталды. Тамактануучу жайдын 105 чарчы метр аянты толугу менен күйдү.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16935