Олимпиада шаарчасында спортчулар тамактанган ашкананын видеосу
RU

Олимпиада шаарчасында спортчулар тамактанган ашкананын видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке Париждеги Олимпиада шаарчасындагы ашкананын видеосу жана кыргызстандык спортчулардын тамагынын сүрөттөрү жарыяланды.

Видеодон стандарттуу европа ашканасын көрүүгө болот. Менюда сууга, бууга бышкан тамактар, балык, йогурттар, мөмө-жемиштер, десерттер бар. Бул ашкандан бардык спортчулар тамактанышат.

Кыргызстандын курама командасынын спортчулары үчүн эттин үч түрүнөн – кой, уй жана тоок этинен күн сайын шорпо бышырылып жатканын уюштуруу комитети билдирди.

Буга чейин кыргыз курама командасында диетолог же психолог жок экени белгилүү болгон. Социалдык тармактарда спортчулардын мелдештерге катышуусун уюштуруу деңгээли кескин сынга алынган.

Андан тышкары тамак-ашы боюнча да сындар айтылган. Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети алгачкы күндөрү Олимпиада кыштагындагы ашканада чындап эле узун кезек пайда болгонун ачыктаган. Уюштуруу комитети спортчулардын арыздарын эске алып, тамак-ашты жакшыртканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16939