Президент Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековду куттуктады
RU

Президент Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековду куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековду Париждеги Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады. Президенттин администрациясы кабарлагандай, Садыр Жапаров балбандар менен телефон аркылуу сүйлөштү.

"Коло медаль алсаңар да элиңер, Кыргызстаныңар силерди алтын уткандай жакшы көрөт. Андыктан, көңүлүңөрдү чөгөрүп башыңарды ийбегиле! Эң негизгиси эли-журтуңардын сыйынан, сынынан кетпесеңер болду. Алтын медалдан артык алтын башыңар аман болсун!", - деди президент.

Өлкө башчы спортту жакшы билген адам катары ар дайым эле жеңиш боло бербестигин түшүнөрүн жана татыктуу жеңилгенди да билүү керектигин баса белгиледи. Ал кыргыз балбандары Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде гана эмес, бүт дүйнөгө таанымал деди.

Айрыкча силерди грек-рим күрөшүн көркүнө чыгарган чыгаан балбандар катары жакшы тааныйт, жалпы сыйлайт. Мына ушуну унутпагыла.

"Дүйнө жүзүнөн мыктылардын мыктысы иргелип, тандалып отуруп, күч сынашкан бул Олимпиада оюндарында 3-орун дагы барктуу орун. Ошондуктан коло медаль алып калдым деп капа болбошуңар керек. Баары Кудайдын колунда. Шүгүрчүлүк келтирип, сабырдуу болсок, алдыда дагы далай кыл чайнашкан беттештер турат. Мына ошолорго даярданып, мыктылыгыңарды далилдеп, алтын медалдарды багындырышыңар керек. Муну силерден жалпы журтуңар чыдамсыздык менен күтөт", - дейт мамлекет башчы.

Белгилесек, 8-августка караган түнү Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков Олимпиада ондарында коло медаль үчүн килем үстүнө чыгып, экөө тең жеңишти камсыздашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16913