Президент Олимпиадада коло уткан Жоламан Шаршенбековду куттуктады
RU

Президент Олимпиадада коло уткан Жоламан Шаршенбековду куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 7-августка караган түнү Жоламан Шаршенбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Олимпиада оюндарында коло медаль утушу менен куттуктады. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчы дүйнө жүзүндөгү мен-мен деген спортчулардын Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу чоң ийгилик экенин өзгөчө белгиледи.

"Биз сенин ар бир кармашыңды бир дем менен көрүп жаттык. Эли-журтуң сен ийилсең ийилип, сени менен жан бирдей болуп жатты. Албетте, Олимпиада деген дүйнөлүк мелдеш. Дагы далай жолу катышасың. Ийгилик ушуну менен эле токтоп калбайт. Сенин келечегиң али алдыда. Дагы далай алтын, күмүш медалдарды багындырасың!" – деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров Жоламан Шаршенбековго мындан аркы ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын атынан дүйнөлүк аренада чыккан ар бир спортчу мыкты оюн көрсөткөн мелдештери менен канчалаган жаш муунду шыктандырып, алардын келечектен көптү күткөн үмүттөрүн жандандырарын белгилеп өттү.

Президент кыргыз эли өз баатырынын Ата мекенине кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аны татыктуу сыйлыгы менен жеке куттуктай турганын кошумчалады.

Жоламан Шаршенбеков президентке жана жалпы Кыргызстандын элине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул анын жаңы жеңиштерине дем-күч берерин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16891