Баракелде! Үзүр Жузупбеков Олимпиадада коло байге алды
RU

Баракелде! Үзүр Жузупбеков Олимпиадада коло байге алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париждеги Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча Үзүр Жузупбеков коло байге утту.

Кыргыз балбаны 97 кг салмак категориясында көңүл жубатуучу кармашта америкалык Джозеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Жузупбеков үчүнчү орун үчүн египеттик Мохамед Али Эльсаед Габр менен беттешип, 1:1 эсебинде жеңишти камсыздады.

Кыргыз балбаны өзүнүн жеңиши менен Кыргызстанга төртүнчү медалды алып келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16906