Сот Көлбаев менен байланышы бар дагы бир айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратты
RU

Сот Көлбаев менен байланышы бар дагы бир айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн, 8-августта Камчы Көлбаев менен байланышы бар Нурия Тентешованы "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Өздүк булактардын айтымында, тергөөнүн версиясына ылайык, Тентешова Көлбаевдин жарандык жубайы болот. Ал жолдошунун кылмыштуу аракеттерин билип туруп, ага жардам берип, бүтүмдөрдү мыйзамдаштыруу үчүн кыймылсыз мүлктү өзүнүн атына каттаткан.

Сот Тентешованы сегиз жылга эркинен ажыратып, жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөөгө милдеттендирди. Бирок ал Кыргызстандан тыш жакта болгондуктан, сотко катышкан жок.

Ошондой Тентешованын атына катталган мүлктөр конфискацияланды.

  • Токомбаев, 21/3в көчөсүндөгү 9 млн сомдук батир;
  • Байтик айылындагы турак эмес жай, баасы 44 млн 759 миң сом;
  • Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагындагы 44 млн 759 миң сомдук коттедж;
  • Дагы башка бир нече батирлер.

Мамлекеттин эсебине алынган мүлктөрдүн жалпы баасы 133 миллион 442 миң сомду түзөт.

Белгилесек, Октябрь райондук соту Камчы Көлбаевдин 76 жаштагы апасы Мая Алиеваны 7 жылга эркинен ажыратып, 1 жылдык пробация чегерип, анын атындагы мүлктөрдү конфискациялоо чечимин чыгарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16911