Маркум Камчы Көлбаевдин эжелери президент менен УКМКнын жетекчисинен жардам сурашты
RU

Маркум Камчы Көлбаевдин эжелери президент менен УКМКнын жетекчисинен жардам сурашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылы өлтүрүлгөн кримавторитет Камчы Көлбаевдин эжелери президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. Алардын кайрылуусун юрист Бактыбек Жумашев Facebook баракчасына жарыялады.

Көлбаевдин бир туугандары апасы Мая Алиеванын абалы оор экенин айтып, үйүн тартып албоону өтүнүштү.

"Мая Сеиткуловнанын, жалпы кыздарынын, балдарынын, неберелеринин атынан кайрылууга мажбур болуп жатабыз. Апабыздын соту үйүндө өткөндөн кийин абалы аябай оор болуп, буту баспай, сүйлөй албай, төшөктө жатат. Азыркы маалда сот процесси уланып, 76 жаштагы энебизди неберелери менен үйүнөн чыгарып салганы жатышат. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиз "ар бир үй-бүлөнүн жашаган үйүн калтырабыз" деп жогорку трибунадан айттыңыз эле. Азыркы сот ата-энебиз өмүр бою эмгектенип 1983-жылы салган, биз туулуп-өскөн үйдү, 1998-жылы алынган мал сарайды конфискациялаганы жатат. Биз Кыргызстандын жарандары, эне, эже, карындаш катары сиздерден айкөлдүүлүктү күтөбүз", - дешет бир туугандар.

Ошондой эле алар биринчи айым Айгүл Жапаровага да кайрылышты.

"Биздин апабыз Мая Сеиткуловна жогорку билимдүү, 6 баланын энеси, экономист адистиги боюнча билими бар, пенсияга чейин өз кесиби менен эмгектенген. Биздин 76 жаштагы энебиздин башына түшкөн оор жоготуу эч кимде болбосун, энебиз дагы канча жашайт белгисиз. Ушул калган өмүрүн тынчылыкта, өзүнүн үйүндө, неберелеринин кучагында өткөрсө дейбиз".

Буга чейин Камчы Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев да Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган. Ал апасына "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренеси боюнча айып тагылганын, сот апасынын үйүндө өтө баштаганын айткан.

Бишкек шаардык соту Көлбаевдин апасынын соту эмне үчүн үйүндө өткөнүн түшүндүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16904