Сот Камчы Көлбаевдин апасын эркинен ажыратып, мүлктөрүн конфискациялады
RU

Сот Камчы Көлбаевдин апасын эркинен ажыратып, мүлктөрүн конфискациялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маркум кримавторитет Камчы Көлбаевдин 76 жаштагы апасы Мая Алиевага сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Айтымдарында, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы бүгүн, 8-августта Мая Алиеваны уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгон деп тапты. Ошондой эле мүлкүн конфискациялап, 1 жылга пробация колдонуу менен 7 жылга эркинен ажыратты. Эгер Алиева 1 жыл ичинде мыйзам, эреже бузса камакка алынат.

Соттун чечимине ылайык, Мая Алиеванын атына катталган төмөнкү мүлктөр мамлекеттин эсебине алынды:

  • Бишкек шаарындагы бир нече батирлер;
  • Чолпон-Ата шаарынын курорттук-рекреациялык аймагынан 20 млн сомдук жер тилкеси;
  • Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы 50 млн 190 миң сомдук "Народный" дүкөнү;
  • Кара-Ой айылындагы 45 млн 603 миң сомдук кашар;
  • Чолпон-Атадагы Санитар көчөсүндөгү 1 миллион 625 миң сомдук жер тилкеси үйү менен;
  • Чолпон-Ата шаарындагы 126 миллион сомдук соода комплекси;
  • Бостери айылындагы 1 млн 805 миң сомдук кашар;
  • Чолпон-Ата шаарындагы 8 миллион 250 миң сомдук сугат айдоо аянты;
  • Чолпон-Атадагы дээрлик 9 миллион сомдук үй.
  • "Барс" спорт комплекси - 1 млрд 789 млн 639 миң сом.

Конфискацияланган мүлктүн жалпы суммасы 2 миллиард 140 миллион 800 миң сомду түзөт.

Буга чейин адвокат Бактыбек Жумашев социалдык тармактардагы баракчасына Камчы Көлбаевдин бир туугандары Жолдошбек Көлбаевдин жана эжелеринин өлкө жетекчилигине кайрылуусун жарыялаган.

Бишкек шаардык соту Көлбаевдин апасынын соту эмне үчүн үйүндө өткөнүн түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 4-октябрында Көлбаев (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлүп, андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримавторитетке таандык болгон үйлөр менен объектилердин видеосун жарыялаган. Мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, мүлктөрдүн жалпы суммасы 1 миллиард долларга бааланат. УКМК бүгүнкү күнгө чейин Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган жана анын акчасын адалдаган деген шек менен бир нече адамды аныктап, кылмыш ишин козгоп, айрымдарын камап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16910