Чаткалда кен иштеткен компаниянын жумушчусун каза тапты. Ал аппаратка кыпчылып калган
RU

Чаткалда кен иштеткен компаниянын жумушчусун каза тапты. Ал аппаратка кыпчылып калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чаткал районунда алтын кен иштеткен "Кичи Чаарат" компаниясынын жумушчусу каза болду. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жумушчу пресс-фильтрге кыпчылып калган.

Милицияга 30-июлда эртең мененки саат 07:30 чамасында Чакмак-Суу айылында жайгашкан Кытай жарандары иштетип жаткан "Кичи Чаарат" байытуу фирмасында жумушчу болуп иштеген Чаткал районунун 1985-жылы туулган тургуну пресс-фильтр цехине кысылып, каза болгондугу тууралуу кабар берилген.

Аталган окуя маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө жумушчу фильтр аппаратынын ичине түшүп, тетиктерин кароо жүргүзүп жаткан учурда белгисиз себептерден улам фильтр аппараты иштеп кеткен. Ал аппаратка кыпчылып, денесинен алган жаракатынан улам жеринде каза болгон.

Каза болгон жумушчунун жаракаттын оордугун аныктоо максатында тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маркум 2019-жылдын май айынан бери "Кичи Чаарат" байытуу фабрикасында эмгектенип келген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16836