Баракелде! Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында жарым финалга чыкты
RU

Баракелде! Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында жарым финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында жарым финалга чыкты.

Мушкер 57 кг чейинки салмак категориясында беттеш өткөрүп, 1/8 финалдык беттеште кубалык Сайдель Иван Орта Родригес дель Рейди жеңген.

Чейрек финалдык беттеште 2021-жылдын дүйнө чемпиону жана 2023-жылдын Панамерикалык оюндардын чемпиону Америкалык Жамал Харви болду.

Үч раунддан турган 3 мүнөткө созулган беттештин жыйынтыгы боюнча калыстар жеңишти кыргыз спортчусуна беришти.

Кыргызстандык спортчу жарым финалга чыгып, өзүнө медаль камсыздады. Анын жарым финалдык атаандашы азырынча белгисиз. Жарым финалдык беттештер 8-августта өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16856