Олимпиада-2024: Кыргызстандык суучул Елизавета Печерских жарым финалга өтпөй калды
RU

Олимпиада-2024: Кыргызстандык суучул Елизавета Печерских жарым финалга өтпөй калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-августта Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарынын алкагында суучул Елизавета Печерских мелдешке чыкты.

Кыргызстандык спортчу сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка катышып, 26,26 секундда келди. Муну менен ал өз тайпасында (жалпы 10 тайпа бар) биринчи болду.

Ал эми жалпы көрсөткүч боюнча Елизавета Печерских 30-орунда келип, жарым финалга өтпөй калды. Бул жарышка 79 суучул катышып, 16 суучул жарым финалга чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16854