Бостеридеги пляжда парашют менен учуп бараткан аял кулап түштү
RU

Бостеридеги пляжда парашют менен учуп бараткан аял кулап түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Бостеридеги "Золотые пески" пляжында парашют менен учуп бараткан аял бийиктен парашюттан кулап түшкөн. Окуядан кийинки видео Instagram`дагы black_list.kg баракчасына жарыяланды.

Окуянын күбөлөрү "Тез жардам" кызматын чакырууга аракет кылганда, парашютту учургандар коркунучтуу эч нерсе болбогонун айтып, окуяны видеого тартууга тыюу салышкан. Ошентип жерине "Тез жардам" жана милиция да чакырылган эмес.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга билдиргендей, бул факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери башталды.

"Юридикалык баа берилгенден кийин коомчулукка тиешелүү маалыматтар берилет", - дешти башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16820