Көлгө чөккөн өспүрүм кыз куткарылды
RU

Көлгө чөккөн өспүрүм кыз куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында көлгө чөккөн 17 жаштагы кыз куткарылды. Бул туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, 18-июлда саат 22:00дө Чоң-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундан билдирүү түшкөн. Анда белгисиз адам сууга чөгүп кеткени айтылган.

Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барып, көл жээктен алыс жана дээрлик жашоо белгилери жок адамды байкашкан. Милициянын лейтенанты Юсупов Адилет, милициянын кенже лейтенанты Асанов Азамат, Чоң-Сары-Ой айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, ошондой эле жергиликтүү тургун Асангулов Алишер куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.

Көлгө чөкөн кыз жээке чыгарылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, райондук "Тез жардам" кызматына өткөрүлдү.

Жабырлануучу 2007-жылы туулган Балыкчы шаарынын туругуну экени такталды.

Милиция ыкчам куткаруу ишине катышкандарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Ошону менен бирге көлдө жана сууларда коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эске салат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16716