Бишкекте 70 жаштагы апаны эки ирет сүзүшкөн. Ал каза болду (этият болгула, видео бар)
20-декабрда болжол менен 7:55те Бишкектин Юнусалиева көчөсүнөн Volkswagen-Passat унаасын айдаган белгисиз айдоочу улгайып калган аялды сүзүп кетип, токтобостон жүрүп кеткен. Бул окуя жөнүндө Kaktus.media'нын Call-борборуна көргөндөр кабарлашты.
Милициянын кайгуул кызматы Kaktus.media'га билдиргендей жөө жүргүнчү жабыркаган аялга жардам берип жатканда аларды экинчи машине Toyota-4Runner келип сүзгөн.
Анын натыйжасында 1950-жылы туулган Н.В. ошол жерден каза тапты, ал эми ага жардам берген 1990-жылы туулган жөө жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
"Экинчи ирет сүзгөн айдоочу биринчисинен айрымаланып окуя болгон жерден качкан эмес. Volkswagen-Passat'тын айдоочусу, 1955-жылы туулган С.Э. камалып, ИИББнин тергөө кызматына жеткирилди", - деп кайгуул кызматы маалымдады.
Автомашинелер учурда атайын токтотуучу жайга жеткирилип, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Жол кырсыгы болгон жерден видеону Instagram колдонуучулар интернетке жарыялашкан.