Баткенде 2 жаштагы кыздын сабалышы. Өгөй ата 1 айга камакка алынды
RU

Баткенде 2 жаштагы кыздын сабалышы. Өгөй ата 1 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 2 жашар кызды уруп-сабаганга шектелген киши 1 айга камакка алынды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, 13-июнда Баткен райондук соту тарабынан 40 жаштагы Ж.Т`нын бөгөт чарасы тандалды. Соттун чечими менен шектүү 1 айга камакка алынды.

Белгилесек, 7-июнда Баткен облустук биргелешкен ооруканасына эки жаштагы кыз денесинен жаракат алып, эс-учун билбеген абалда түшкөн. Милициядан бул факты алгач кокустук катары катталып, текшерүү иштери башталганын билдирген.

Кийинчерээк кыздын таенеси арыз менен кайрылып, 138-беренесинде (Уруп-сабап, кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен иш козголуп, шектүү катары кыздын өгөй атасы Ж.Т. кармалган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/16378