"Бийлик системасында аялдардын саны төмөн". Атыр Абрдахматова саясаттагы айымдар боюнча
Бул ирет Kaktus.kg саясаттагы айымдардын орду жана андагы көйгөйлөрдү кантип чечүү жөнүндө юрист, адам укугун коргоо боюнча эксперт, мурунку акыйкатчы Атыр Абдрахматова менен маек кылды. Ал учурда бийлик системасында аялдардын саны төмөн экенин айтат. Бул көрүнүш мыйзамдарга да, баланска да ылайык келбейт деп эсептейт.
"Бийлик системасында аялдардын саны төмөн"
"Бир мандаттуу округдан бир гана айым Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңешке шайланып келди. Мыйзамда бекитилген минималдык квота азыр 30 пайыз да сакталбай эле. Аткаруу бийлигин дагы көрүп жатабыз. Биздин өкмөттө үч эле айым бар. Ал кайра эле аялдардын темасына байланыштуу: Билим берүү жана илим министри менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри. Бир гана Нурия Кутнаева Санарип министрлигин жетектеди.
Жергиликтүү кеңеште, албетте, айымдардын саны көбүрөөк. Бирок азыр жаңы мыйзам кабыл алганы жатышыптыр: жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын санын кыскартуу боюнча. Демек, жалпы саны кыскарса, анда аялдардын саны да кыскарып калат. Мына президенттин облустардагы ыйгарым укутуу өкүлдөрүнүн бирөө дагы аял эмес. 47 райондогу акимдердин бирөө дагы айым эмес. Мыйзамдын талаптарын сактоо максатында эле акимдердин орун басарлыгына айымдарды дайындап коюшат", - дейт ал.
"Айымдарга жетекчилик кызматты бербейбиз бирок, иштердин баарын аларга тапшырабыз"
Атыр Абдрахматова башкарууда аялдар аз деп билет. Ал эми орто мамлекеттик кызматтарда айымдардын саны 50 пайызга чейин жетет.
"Иштеш керек дегенде аялдар барса болот. Ал эми башкарыш керек дегенде айымдарга орун жок. Тилекке каршы, бул далилденген стереотиптик мамиле. Биз коомдо, башкаруу дегенде үй-бүлөнү алсак деле - эркек башкарып, аял анын тилин алып, айтканын кылыш керек. Ошол нерсе саясатка деле келип жетти", - деп кошумчалады эксперт.
Талдоочу айымдарга ишти тапшырууга көнүшүбүз керек деп эсептейт. Маселен: кайсыл бир министрликти жетектөөгө айымды бекиткен учурда, айым эле деп жоопкерчилигин азайтып же көп үмүт артпай, ишенбей коюу да туура эмес деп билет.
"Мына билим берүү министри болуп айым шайланды. Эми анын алдында чоң милдеттер турат - окуу куралдар жок, мектептеги балдардын укуктары сакталбайт, коопсуздук маселеси жана башка. Бирок аны аял деп аёонун кажети жок. Айым болсо да министр катары ал маселелерди чечкенге милдеттүү. Анын кемчиликтерин аял катары кечирип коюш керек дегенден алысмын", - дейт ал.
"Бийлик үлгү болушу керек, бирок азыр аялдарды басынтуу иштери жүрүп жатат"
Атыр Абдрахматова бийлик келечек коомго үлгү болуп аялдардын укуктарын коргоо, алардын саясаттагы ордун көтөрүү менен алектениши керек дейт.
"Ошол эле Кемир-Абад окуясы боюнча айымдардын камакта болушу, сын-пикир айткан апанын камалышы", - деп бир катар саясаттагы айымдардын басмырланышын санап берди.
"Саясатта айымдардын санынын көбөйүшү - көйгөйлөрдүн чечилишине жол ачат"
Абдрахматова саясатта айымдар аз болуп жатканда жаш кыздардын тажрыйбалары жок деп аларды аралаштырбай коюу да болбойт дейт. Себеби, алар аралашып, тажрыйба топтобосо, сапат болбойт деп эсептейт.
"Албетте, бийликке тажрыйбалуу адамды алып келиш үчүн аларды саясатка аралаштырып, өстүрүү керек. Ошол үчүн аялдардын санын көбөйтүш керек. Ошентип барыбыз тажрыйба алабыз, үйрөнөбүз, ката кетиребиз, жоопкерчилик тартабыз. Ошентип барып күчтүү айымдардын саны көбөйөт. Эл аралык тажрыйбада да бийликтин жетекчилик түзүмүндө аялдар көп болгон учурда өлкө өнүгөрү далилденип жатат. Канча мамлекетти айым президенттер жетектеп баштады.
"Алтын баштуу аялдан бака башту эр артык" дегенди унутуп, "Кыздын кырк чачы улуу" дегенди көп айтканга өтсөк жакшы болмок", - деп сөзүн жыйынтыктады Атыр Абдрахматова.
Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 19у гана айым
Жогорку Кеңеште учурда 90 депутат болсо, анын 19у гана айымдар. Анда да бирөө эле бир мандаттуу округдан шайланып келген. Ал Эльвира Сурабалдиева. Бул көрүнүш белгиленген 30 пайыздык квотага да жетпейт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жалпы республика боюнча депутат айымдардын саны 3432. Бул депутаттардын 37,9 айымдар түзөт дегенди түшүндүрөт. Анын ичинен шаардык кеңештерде 259 айым депутат болуп дайындалып, пайыздык көрсөткүчү 28,2 пайызды түзгөн. Ал эми айылдык кеңештерде 3173 айым депутат болуп шайланган же жалпы айылдык кеңештердин депутаттарынын 39 пайызын түздү.
Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында бир дагы аял депутат болгон эмес
Артка кайрыла турган болсок, кыргыз коомчулугунда 2005-2007-жылдары иштеген Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышы бир дагы аял депутаттын болбогону менен эсте калган. 2007-жылы шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, аялдарга, жаштарга жана улуттук азчылыктарга атайын квоталар берилген эле.
Ошол эле маалда аялдырдын саясаттагы таасири табигый түрдө бекемделиши керек деген пикир дагы басымдуу. Себеби аялдар бийликке саясий күрөш аркылуу эмес, атайын квотанын жардамы менен гана келип жаткандыктан, көп учурда алар саясий куралга айланып жатканын эксперттер белгилешет.