Соцтармактагы пикири үчүн кармалган пенсионерге 50 миң сом айып салынды
2550
Жалал-Абад шаардык соту 70 жаштагы пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча чечим чыгарды.
Облустук соттон Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынды.
Белгилесек, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 6-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. 17-октябрда ал үй камагына чыгарылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/15015