Базар-Коргондо ур-токмоктон улам 51 жаштагы киши каза тапты. Шектүү аныкталды
Базар-Коргондо киши колдуу каза болгон жарандын өлүмүнө шектүү кармалды. Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, кармалган адам маркумдун айылдашы.
Белгилүү болгондой, Базар-Коргон РИИБине Могол айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арыздануучу бир тууган агасынын жансыз денеси 26-майда саат 22:00 чамасында айылдашынын үйүнөн табылганын, анын өлүмүнүн себебин аныктап, күнөөлүү адамды жоопко тартууну суранган.
Факты 122-берене (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Могол айыл аймагынын тургуну 1974-жылы туулган Х.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми маркумдун денесин кароо учурунда сыныктар, көгөргөн, сыйрылган жерлери бар экендиги аныкталды. Шектүү Х.А. өз көрсөтмөсүндө 26-май күнү саат 20:00 чамасында 51 жаштагы айылдашы менен спирт ичимдигин ичип, мас абалда сөз талаша кетип, айылдашын ур-тепкиге алгандыгын, ал каза болуп калгандыгын билдирген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.