Азия кубогу: Кыргызстан Оман, Таиланд жана Сауд арабиясы менен бир тайпага туш келди
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын Азия кубогунун финалдык баскычындагы атаандаштары белгилүү болду.
Доха шаарында (Катар) 11-майда турнирдин финалдык бөлүгүнө чучу кулак ташталып, анда 24 команда төрттөн 6 тайпага бөлүнгөн.
Кыргызстандын курама командасы Сауд Аравия, Таиланд жана Оман курама командалары менен бирге тайпага туш келди.
Азия кубогунун финалдык этабы 2024-жылдын 12-январдан 10-февралга чейин Доха шаарында (Катар) өтөт. Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча 1-2-орундарды ээлеген командалар, ошондой эле өз тайпаларында 3-орунга ээ болгон 4 мыкты команда плей-оффко чыгышат.
Эске салсак, 2019-жылы Кыргызстандын фубол боюнча курама командасы алгачкы жолу Азия чемпионатына катышкан. Анда "Ак шумкарлар" оюндун 1/8 бөлүгүнө чейин жетип, Бириккен Араб Эмиратына каршы мыкты оюн көргөзгөнүнө карабай утулуп калган.