Нарындагы 7 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү эки айга камалды
1758
Нарында 7 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген киши 2 айга камакка алынды. Маалыматты облустук соттон Kaktus.kg сайтына ырасташты.
Белгилүү болгондой, Нарын райондук соту 30-апрелде 64 жаштагы шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Белгилесек, Нарын районунун Орто-Нура айылында 28-апрелде 7 жаштагы кыз мектепке кеткен бойдон кайтып келген эмес. Апасы милицияга жана айыл тургундарынын WhatsApp группасына кабар берген. Ошол эле күнү саат 22:10 чамасында кароосуз калган үйдөн 7 жашар кыздын жансыз денесин жергиликтүү тургундар табышкан.
Окуучунун денесине сырттан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилер аныкталган. Шектүү катары ошол эле айылдын 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу тургуну мас абалында кармалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/11970