Ата Мекендик согуштун 101 жаштагы ардагери Арзыгул Мамарасулов көз жумду
1479
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арзыгул Мамарасулов каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.
Ардагер 23-апрель күнү каза болгон. Ал 1-июнда 102 жашка толмок. Маркумдун сөөгү өз айылында жерге берилген.
Ардагер Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сай-Бою айылында туулган. 20 жашында Кызыл армиянын катарындагы 81-кавалерия полкунун курамында кызмат өтөгөн.1943-1983-жылдар аралыгында Жалал-Абаддын Сакалды колхозунда эмгектенген.
Улуу Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, Жуковдун медалы жана башка бир катар сыйлыктар менен сыйланган.
Учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 70ке жетпеген ардагери калганы айтылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/11810