2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот
Республика боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасы менен 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жатат. Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз.
Мамлекеттик кызматкерби, же жөнөкөй ишкерби - айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз.
Кийинки жылдарда Бишкектеги номер биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичи район түшөт. Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз", - деди президент.