АКШ Беларустагы эң ири автозаводдорго каршы санкцияларды киргизди
АКШ Беларустун эң ири автоунаа өндүрүүчүлөрүнө: БелАЗга жана Минск автомобиль заводуна (МАЗ) каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин сайтында айтылат.
Бул ишканалардын жетекчилерине: БелАЗдын жетекчиси Сергей Никифоровичке жана МАЗдын жетекчиси Валерий Иванковичке карата да чектөө чаралары киргизилген.
"Санкциялар 27-марттан тарта күчүнө кирет жана АКШдагы активдерге бөгөт коюуну камтыйт. Мындан тышкары, тизмеленген субъектилер менен кызматташуу экинчи даражадагы санкцияларга алып келиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, БелАЗ менен МАЗга каршы европалык санкциялар 2021-жылы оппозиционер Роман Протасевичти ташыган RyanAir учагы мажбурлап конгдурулгандан кийин киргизилген.
2023-жылдын январында Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен Евробиримдик Украинадагы жаңжалда республиканын жетекчилигинин ролу үчүн Беларуска каршы санкцияларды кеңейтүүнү көздөп жатканын билдирген.