Түркиядагы миссиясын аяктаган кыргыз куткаруучуларын тосуп алуу иш-чарасы өттү
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда, издөө-куткаруу иштерин, милдеттерин так аткарышкан куткаруучулар 21-февралга караган түнү кайтып келишти. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунда тосуп алуу иш-чарасы өттү.
Кыргызстанга аман-эсен келген куткаруучуларды куттуктаган Бообек Ажикеев эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына жана куткаруучулардын аткарган ишин жогору баалады.
"Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМнын куткаруучуларынан турат. Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты", – деди министр.
Ал эми салтанатка катышкан элчи мырза Түркияда аткарган кыргызстандыктардын жардамын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.