№113, 213 жана 214 маршруттук каттамдар жабылат. Ордуна жаңы автобустар каттамга чыгат
1545
Бишкекте жаңы автобустардын линияга чыгышы менен №101, 113, 213, 214 маршруттук каттамдар алынды. Мэриядан аталган маршруткалардын жүрүү схемалары өзгөртүлөрүн айтышты.
Ага ылайык:
- №101 маршруттук каттамдын линиясы менен №31 автобус каттайт. Буга байланыштуу №101 маршруттук каттамдын жүрүү схемасы өзгөртүлөт.
- №113 маршруттук каттамдын линиясы менен №35 автобус каттайт. Буга байланыштуу №113 маршруттук каттамды жабуу чечим кабыл алынды. №113 маршруттук каттамдын айдоочулары үчүн №244 каттамдын схемасы даярдалды: (Учкун – 2 жаңы конушу - Интергельпо көчөсү), Жибек-Жолу проспекти Чыгыш автобекети, Батыш автобекети, ГКБ№1, Интергельпо көчөсү, Димитров көчөсү, Ю.Фучик көчөсү.
- №213 маршруттук каттамдын линиясы менен №35 автобус каттайт. Буга байланыштуу №213 маршруттук каттамды жабуу чечим кабыл алынды.
- №214 маршруттук каттамдын линиясы менен № 48 автобус каттайт. Буга байланыштуу №214 маршруттук каттамды жабуу чечими кабыл алынды. Ал эми айдоочулар үчүн №245 маршруттук каттамдын схемасы иштелип чыкты: (Чыгыш автобекети - Бөкөнбаев көчөсү), Жаш Гвардия бульвары, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Күрөңкеев көчөсү, Осмонкул көчөсү, Фрунзе көчөсү, Ибраимов көчөсү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/10362