Журналисттерди коргоо комитети бийликти "Азаттыкка" каршы доо арызын кайтарууга чакырды
Журналисттерди коргоо комитети кыргыз бийлигине кайрылуу жасады. Анда "Азаттык" радиосун жабуу жана өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарына кысымды токтотуу боюнча доо арызын кайтарып алууга чакырат. Уюмдун кайрылуусу расмий сайтында жарыяланды.
"Азаттык" радиосу Кыргызстандагы эң белгилүү жана кадыр-барктуу маалымат каражаттарынын бири. Анын кеңсесинин жабылышы өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин тарыхына кара так болуп калат. Кыргыз бийлиги "Азаттык" радиосун жабууну талап кылган билдирүүсүн артка кайтарып алуусу керек. Басылманын веб-сайттарын бөгөттөн чыгаргып, банк эсептерин ачып, маалымат каражаттарына кысымды токтоткула", - дейт "Журналисттерди коргоо комитетинин" Европа жана Борбор Азиядагы координатору Гүлноза Саид.
Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылганы маалым болгон.