Эки бир тууган уулдарынан урматына айылдаштары үчүн улак тартыш уюштурушту
RU

Эки бир тууган уулдарынан урматына айылдаштары үчүн улак тартыш уюштурушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн дем алыш күндөрү Өзгөн районунун Шагым айылында масшатбдуу улак тартыш өттү. Болжол менен оюнга миңден ашык атчандар катышышкан. Бул тууралуу айылдын тургундары айтып беришти.

Шагым айылынын жашоочуларынын айтымында Чынгыз жана Жыргал деген бир туугандар уулдарынын урматына улак тартыш уюштурушкан. Иш чараны уюштурууда жана байгелерди саюуда тууган-туушкандары жана достору жардам беришкен. Оюнга катышууга коңшу айылдардан, райондордон, Казакстан жана Өзбекстандан келишкен.

Байгегелерге 10 төө, 10 топоз, бир жеңил унаа, акчалай байгелер жана алтындан ширетилген кур коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/97