Мэрия Бишкекти өнүктүрүүчү бир нече долбоорду элдин сынына койду
RU

Мэрия Бишкекти өнүктүрүүчү бир нече долбоорду элдин сынына койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы борбор калааны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду элдин назарына койду. Калаа башкармалыгынан билдиришкендей, долбоор Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги тарабынан даярдалган.

Долбоорлор:

  • Бишкек шаарында жогорку ылдамдыктагы автобустук каттамдарды киргизүү;
  • Ч. Айтматов - А. Масалиев кең көчөлөрүн көрктөндүрүү;
  • таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу;
  • Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жана Бишкек шаарынын тегерегин жакшыртуу;
  • Кара жыгач токой паркын жашылдандыруу;
  • Көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай.

Долбоорлор Бишкек шаарында жагымдуу бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана Бишкек шаарынын экономикасына инвестицияларды жана гранттарды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Долбоорлор менен таанышуу үчүн шилтемеге өтүңүз:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/9682