"Жеңил жашоо издеген". Жалал-Абадда үйлөрүнөн качкан 3 кыз кармалды
RU

"Жеңил жашоо издеген". Жалал-Абадда үйлөрүнөн качкан 3 кыз кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда үйлөрүнөн качып жүргөн кыздар аныкталып, ата-энелерине өткөрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, алар 2 айдан бери ар кайсы түнөк жайларда жүрүшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан Сузак, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунан Жалал-Абад шаарына келген 3 кыз кармалды. Алар 2004-жылы туулган И.А., Ж.А. жана 2006-жылы туулган Ж.А. экени такталды.

"Кыздар үйлөрүнөн бир нече жолу качып, жеӊил жашоого көнүп алышкан. Алар турмуш-шарты жакшы үй-бүлөнүн кыздары экендиги белгилүү болгон. Жогорудагы кыздардын ата-энелери милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, катуу көзөмөл керектиги эскертилди. Кыздар ата-энелерине өткөрүлдү", - дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/9602