Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр бир катар документтерди кабыл алышты
2763
Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Уюмга мүчө мамлекеттер - Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
- Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы;
- "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна" өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;
- "Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси" жөнүндө чечим;
- "Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы" жөнүндө чечим;
- "Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо" жөнүндө чечим.
Ошондой эле төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
- Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу жөнүндө;
- Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу жөнүндө;
- Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/9240