10 жылдан бери көрүшө элек ата-бала жолугушту
RU

10 жылдан бери көрүшө элек ата-бала жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери 10 жылдан бери уулун көрө элек карыяга жардам беришти. Талас облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, ата-бала жолугушту.

Белгилүү болгондой, 3-ноябрда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын 73 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анда 1987-жылы туулган Нурланбек аттуу уулу 2012-жылы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин, байланышка чыккан учурда жүргөн жерин жашырып, дарегин айтпай жүргөндүгүн билдирген.

Абышка уулунун амандыгын көрүп, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экендигин жана коопсуз жерде жүргөндүгүн көрүүнү максат кылганын айткан.

Талас ОИИБдин кызматкерлери Нурланбектин жүргөн жерин аныктап, атасына тапшырды. Аныкталгандай, Нурланбек учурда Талас районуна караштуу Бал-Бал айылында жергиликтүү тургундардын үйүндө чабан болуп иштеп жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/9223