Памперс кийип жүрөлүбү? Троллейбустун айдоочулары даараткана жоктугуна нааразы
RU

Памперс кийип жүрөлүбү? Троллейбустун айдоочулары даараткана жоктугуна нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Троллейбустардын айдоочулары Kaktus.media редакциясына кайрылып, Тунгуч кичирайонунда линиялардын аягында ажаткана жок экенине нааразы экенинбилдирди.

Алар Бишкек троллейбус башкармалыгына бир жылдан ашык убакыттан бери кайрылып жүрүшкөнүн, бирок жыйынтык болбогонун баса белгилешти.

"Тунгучтун акыркы аялдамасында даараткана жок. Биз шаардын бир четинен экинчи четине чейин көпкө каттайбыз", - деп ачууланат айдоочу.

Биз памперс кийип иштешибиз керекпи?

Дагы бир айдоочу даараткана катары вогондордун ортосун колдонгонун айтып видео жиберген.

Үчүнчү айдоочу тиешелүү органдарга кайрылуулары жоопсуз калып жатканына нааразы.

"Бардык жерге кайрылдык. Көйгөйүбүздү азыркыга чейин эч ким чече элек. Алар биздин иштөө шартыбызды кандай элестетип жатышат? Аялдардын адаттагыдан көп дааратканага муктаж күндөрү болот. Аны да эске алуу керек. Бул маселенин көп жылдардан бери чечилбей жатканы жөн эле шылдыңдоо", - деди ал.

Айдоочулар жакында кыш келерин да эске салды. Ал учурда эмне болот деп сарсанаа.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/8750