"Сүйлөбөй туруңуз!" Президенттин өкүлү менен вице-спикер парламентте айтыша кетти
2475
Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытов менен вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев айтыша кетишти.
Бул жыйында төрт аткаминердин талапкерлиги каралып жаткан.
Депутаттар министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду парламентке чакырып, талапкерлерди тааныштырууну талап кылышты. Абытов маселе добушка коюлганда вице-спикерден сөз берүүнү суранган. Бирок Сыдыгалиев андан баш тартып, андан сүйлөбөй турууну талап кылды.
Ошентсе да талаш-тартыштан кийин депутат Абытовго сөз берди. Ал Жапаров парламентке убактысы болсо келерин түшүндүрдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://m.kaktus.media/8744