50дөй адам жумуш менен камсыз болот. Караколдо таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат
RU

50дөй адам жумуш менен камсыз болот. Караколдо таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарында Кыргызстан боюнча эң биринчи жолу таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча белорусиялык компания менен келишимге кол коюлду.

Каракол шаардык мэриясы тарабынан "Өсүү Чекити" деген долбоор даярдалып, президент тарабынан колдоо таап, республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн.

"Таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга мамлекет тарабынан 135 миллион сомго тендер жарыяланган, тендерди 111 миллион сомго белорусиялык "Сифания Экотехника" компаниясы утуп алды. Тендер бардык компаниялар үчүн ачык, бирдей шарт менен уюштурулган. Заводду курууга 111 миллион сом жумшалса, калган 24 миллион сомго завод орун алчу жерге ангар жана башка жумуштар жасалат", - дешет Каракол шаардык мэриядан.

Ноябрь айында бардык жабдыктар алынып келет, декабрь айында жумушчуларды окутуу процесси башталат. Ошондой эле бул долбоордун негизинде 40-50 адамга жумуш оруну түзүлөт. Таштандынын бөлүп сорттоо ишитери азыркы полигондо орун алат, ал эми кайра иштетүүчү процесстери "Тазалык" ишканасында болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/8713