КР жана РФ Коргоо министрлери кызматташуу тууралуу макулдашышты
RU

КР жана РФ Коргоо министрлери кызматташуу тууралуу макулдашышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш-сапарынын алкагында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Омуралиев Россия Федерациясынын Коргоо министри армиянын генералы Сергей Шойгу менен жолугушту.

Белгилүу болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана андан ары өнүгүүсү жөнүндө пикир алмашты. Ошондой эле, Борбордук Азия регионунда стабилдүүлүктү сактоо жана коргоо сферасындагы маселелеринде бирге аракеттешүүсү талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында коргоо ведомстволорунун башчылары учкучсуз учуучу аппараттарын пайдалануу боюнча кызматташуу жөнүндө Протоколго жана 5 жылдык мөөнөткө аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү Программасына кол коюшту, деп КР КК ГШ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/800