Кыргызстандык актриса Лариса Лебедева Нур-Султанда каза болду
RU

Кыргызстандык актриса Лариса Лебедева Нур-Султанда каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Нур-Султан шаарында кыргызстандык актриса Лариса Лебедева коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты. Андагы маалыматта актрисанын сөөгү Бишкекке коюлары айтылат.

Лариса Лебедева 1994-жылы Бишкектеги актёрдук студияны, 1996-жылы Арабаев атындагы Кыргыз педагогикалык институтун бүтүргөн. Чыгармачылык ишмердүүлүгүн Бишкек шаарынын Жаштар театрында баштаган. 1995-2002-жылдары Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын сахнасында жүрүп, 20дан ашык ролдорду ойногон.

Андан соң ал Көкшетау шаарындагы Акмола облустук орус драма театрына өткөн.

2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нур-Султан шаарындагы М.Горький атындагы мамлекеттик академиялык орус драма театрынын актрисасы болгон.

2011-жылы Лариса Лебедева "Маданият кайраткери" ардак белгиси менен сыйланган, ал эми 2021-жылы декабрда Казакстандын театр искусствосуна кошкон зор салымы үчүн Лариса Лебедева "Белек" медалы менен сыйланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/7855