"Баары жакшы". Күйөөсү үлпөт тоюнда уруп жиберген келин доосу жок экенин айтты
RU

"Баары жакшы". Күйөөсү үлпөт тоюнда уруп жиберген келин доосу жок экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаш үй-бүлө бир жыл мурда никелешип, үлпөт тоюн 6-июнда белгилешкен.

Үйлөнүү тоюнда келинчегин чаап жиберген өзбекстандык жигит кармана албай калганын айтты.

"Өзүмдү кармана албай калып, кокустан чаап жибердим. Түшүнбөстүктөр болду, бирок той уланды. Келинчегимден кечирим сурадым. Экинчи мындай кайталанбайт", - деди жигит.

Gazeta.uz басылмасы жазгандай, жаш үй-бүлө бир жыл мурда никелешип, үлпөт тоюн 6-июнда белгилешкен. Окуядан кийин кол көтөргөн күйөөгө ("Майда бейбаштык") беренеси боюнча иш козголгон. Бирок келинчегинин өтүнүчү менен ал жазага тартылган эмес.

Колуктунун апасы күйөө баласы кол көтөргөн соң отурган жеринен кызын алып кеткенин айткан. Кийинчерээк жигиттин жакындары кечирим сураган соң той эч нерсе болбогондой уланган.

Апасы кийинчерээк кызына чалганында ал баары жакшы экенин айткан.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта үйлөнүү той учурунда жигиттин келинчегин төбөгө чаап жиберген видеосу тараган. Анда эркек кишинин салтанат учурундагы уюштурулган оюнда жеңилип калганына ачууланып кол көтөргөнү жазылган. Окуя Өзбекстанда резонанс жаратып, Маданият менен искусствону өнүктүрүү фондунун төрайымы Саида Мирзиёева да бул боюнча пикирин билдирген.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/7138