Жапаровго тартууланган Усубалиевдин машинеси эсиңердеби? Унааны чыныгы тарыхы аныкталды
RU

Жапаровго тартууланган Усубалиевдин машинеси эсиңердеби? Унааны чыныгы тарыхы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият министрлиги жана Турдакун Усубалиевдин үй-бүлөсү мамлекеттик ишмерге таандык имиш деп келинген унаанын чыныгы тарыхын аныкташты. Бул тууралуу Kaktus.media'га Маданият министрлиги билдирди.

Архивдеги маалыматты изилдеп чыгып, Маданият министрлиги Садыр Жапаровго белекке берилген унаа эч качан Усубалиевдин менчиги болбогонун моюнга алды. Бирок, бул машине 1974-жылдан баштап 1981-жылга чейин өлкөнүн алыскы райондоруна баруу үчүн ошол кездеги компартиянын биринчи катчысы тарабынан колдонулуп келгендиги аныкталды. Ал эми 1985-жылы машине мамлекеттик баланстан алынып, аны башка адам сатып алгандыгы белгилүү болду.

.

Усубалиевдин фонду, мындай боло турган болсо, унааны Кыргыз ССРинин Коммунистик партисынын биринчи катчысынын кызматтык транспорт катары көрүп, анын тарыхый баалуулугу бар экенине макул экендигин билдирди.

  • Турдакун Усубалиевдин унаасына байланышкан окуя жаңжал жаратты. Кочкор районунун Бакай деген тургуну Турдакун Усубалиевдин машинесин Садыр Жапаровго белекке берген. Анын айтымында, Усубалиевге бул машине белекке берилип, кийин нарындык жердештери аны сактап коюшкан имиш.
  • Усубалиевдин үй-бүлөсү бул маалыматты төгүндөп, ал жылдары мамлекеттиик ишмер эч кандай белек алуусу мүмкүн эмес экендигин айткан. Бирок Маданият министрлиги машине Усубалиевге таандык, деп баса белгилеген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/710