Арыктайм десеңиз күн сайын бирден бадыраң жеңиз
RU

Арыктайм десеңиз күн сайын бирден бадыраң жеңиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күн сайын жаңы бадыраң жеп туруу арыктагысы келгендер үчүн миңдин бири, анткени бул терс калориялуу жашылча организмди тазалап, тамак сиңирүү жолун нормалдаштырат. Мындай сунушту заманбап диетологдор берип жатышат, деп билдирет РИА Новости.

Бадыраң 95 пайыз суудан жана беш пайыз буладан турат. Аларда майдын пайда болушуна жол бербеген tartronic кислотасы бар. Бир бадыраңды сиңирүү үчүн организм калория алгандын ордуна, көбүрөөк калория сарптайт.

Диетологдор көптөгөн пайдалуу микроэлементтерди жана витаминдерди камтыган мөмө-жемиштерди кабыгы менен кошо жешти сунуштайт, бул зат алмашууну жана майдын күйүп кетишин жакшыртат. Булар К, А, С витаминдери, В тобундагы бир аз витаминдер, ошондой эле минералдар - темир, калий, фосфор, жез жана магний.

Бадыраң ширесинде кандын курамын жакшыртуучу жана холестеринди кетирүүчү табигый кислота бар.

Бул жашылчаны кант диабети менен жабыркагандарга да сунушташат. Джадавпер университетинен (Индия) келген Пулок Мукерджинин айтымында, бадыраңдын минералдык курамы кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүгө, кан тамырларды тазалоого жана организмдеги ашыкча майды кетирүүгө жардам берет.

Күнүнө жок дегенде бирден бадыраң жесеңиз теринин жакшырышын, арыктоо жана шишиктин азайышын байкайсыз. Ичеги-карын кыймылын бир кыйла жакшыртуу үчүн, күнүнө эки-үч бадыраң жешиңиз керек.

Бадыраң мындан тышкары серотониндин пайда болушуна салым кошот. Ошондуктан, дарыгерлер аларды апатия, чарчоо жана ал тургай депрессия учурунда диетаңызга кошууну сунушташат. Жаңы табигый бадыраңдарды үзгүлтүксүз колдонуу сергектик жана энергия зарядын пайда кылат.

Адистер бадыраңдын теринин оңолушуна зор таасирин тийгизээрин белгилешет. Аларды үзгүлтүксүз колдонуу менен теридеги ысыктар, кызаруу, кургактык жана кабырчыктар жоголот. Тери нымдалышып, ийкемдүү жана жылмакай болуп калат. Майда бырыштар жоголуп, бет тону тегизделет.

Бадыраңдагы калий шишик менен күрөшүүгө, кан басымын турукташтырууга жана жүрөктүн кагышын нормалдаштырууга жардам берет. Фисетиндер бадыраңдын кабыгында болот. Бул заттар эс тутумду жакшыртып, Альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучун төмөндөтөт.

Мындан тышкары, бадыраң бөйрөктү майда таштардан жана кумдан тазалоочу мыкты табигый каражат деп эсептелет. Бадыраң ширеси кальций таштарын майдалоо үчүн керектүү минералдарга бай.

Бирок, ушунчалык пайдалуу продукт болгонуна карабай, колдонууга каршы көрсөтмөлөргө ээ. Демек, ичеги-карын ооруларына чалдыккандар(гастрит, колит, ашказандагы жаралар, айрыкча курч фазадагылар) бадыраңды колдонуудан баш тарткан жакшы. Кептин баары бадыраңдын ширесинде ал ашказандагы кычкылдуулуктун деңгээлин көтөрүшү мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/6790