Колледждерде сессия жана мамлекеттик аттестация кандай өткөрүлөт?
RU

Колледждерде сессия жана мамлекеттик аттестация кандай өткөрүлөт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР Билим берүү министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык, колледждердин бүтүрүүчүлөрүнүн экзамендик сессиялары жана мамлекеттик аттестациясы төмөнкүдөй форматта жүрөт:

2-курстун студенттери үчүн 2021-жылы "Кыргызстан тарыхы", "Кыргыз тили жана адабияты" жана "Кыргызстандын географиясы" боюнча комплекстүү мамлекеттик экзамен онлайн режимде өткөрүлөт.

Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы салттуу форматта өткөрүлөт, деп министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүго ылайык, жыйынтыктоочу лекциялар жана консультациялар колледждин тандоосу боюнча алыстан же салттуу форматта өтүүгө уруксат берилет.

Студенттер үчүн экзамендик сессиялар төмөнкү алгоритм боюнча уюштурулат:

  • "Гуманитардык жана социалдык-экономикалык циклдин" жана "Математика жана табигый илимдер циклинин" дисциплиналары боюнча алыстан окутуу режиминде;
  • "Кесиптик циклдин" дисциплиналары боюнча салттуу форматта.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://m.kaktus.media/656